Биз социалдык тармакта

Ош шаарында мамлекеттик номери жасалма унаа аныкталды

Ош шаарында жасалма мамлекеттик номерлүү унаа аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-октябрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Ош шаарында токтоп турган кара түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери токтотуп, айдоочудан документтерин көрсөтүүнү талап кылган. Ошол учурда транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүнө жазылган мамлекеттик каттоо белгиси унаада тагылган мамлекеттик белгиге дал келбей жасалма экендигине шек жараткандыктан, Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Бүгүнкү күндө аталган иш Жоруктар жөнүндө кодексинин 173-беренесине ("транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу") ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан