Ош облусунун аймагында айдоочуларга карата рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 250 айдоочуга карата бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлүп айып пулдар салынган. Анын ичинен 10 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөн жеринен кармалган.
Ал эми 12 айдоочунун унаасы тийиштүү документтери жок болгондуктан айып короого киргизилген.