Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда Баткен согушунда курман болгондор эскерилип, эстелигине гүл коюлду

Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен согушунунун аяктаганынын 21 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова жана Баткен согушунун ардагерлери, апаатта курман болгондордун жакындары катышты.

Алгач “Жеңиш” сейил багында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондор эскерилип, алардын эстелигине гүл коюлду.

Белгилей кетсек, Баткен согушуна Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, алардын 12си баатырларча курман болгон. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын акча каражаты тапшырылып келет. Быйыл да шаар казынасынан 84 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан