Биз социалдык тармакта

Күзөтчүнү сабап, сатуучуну коркутушкан. Орусияда каракчылыкка шектелип 3 кыргыз жигити кармалды

Орусияда 3 Кыргыз жараны каракчылыкка шектелип кармалды. Орус басылмаларынын маалыматына караганда, алар азык-түлүк дүкөнүнө тоноого киришкен.

Басылмаларда жазылган маалыматта, окуя 25-октябрга караган түнү Санкт-Петербургдун Красносельск районунда орун алганы жазылат.

"Дүкөнгө белгисиз адамдар кирип, 30 жаштагы күзөтчүнү сабап, андан соң 26 жаштагы сатуучу кызды бычак менен коркутушкан. Карактагандар 5 миң рубль акча жана 10 миң рублга азык-түлүк алып кетишкен.

Окуянын күбөлөрү полиция кызматына кабар беришкен. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө 3 сааттын ичинде шектүүлөр кармалышкан. Алар ошол эле дүкөн жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде болушкан. Кармалгандар 20 жаштан 22 жашка чейинкилер, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyt2020
2021-10-27 01:38:15
Ууффф!!!Жон журушпойт экен да,5 мин учун бутундой Кыргыздарды уят кылып бутмой болду
+14
Birimdik5555
2021-10-27 08:59:59
Мээнет кылып иштегилечи атайын иштейм деп Россияга келгенден кийин,жаш эле туруп эми
+4
Rahim76
2021-10-27 11:54:29
Может поставадыр.азыр жон эле чёрныйларды гууноолоп атпайбы.Полиция да ишти эртераак жабыш учун.
+1
aerforce
2021-10-27 15:05:43
нендурайын орустар жиндегенчелик барда ботон элде ботон жерде жон журуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан