Бүгүн Ош жана Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Төмөндөгү аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Өзгөн районунун Жазы, Төрт-Көл, Ири-Суу, Чангет, Жылалды, Заргер, Баш-Дөбө айыл өкмөттөрү.
* Кадамжай районунун Масалиев, Майдан, Халмион, Алга, Советский, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл өкмөттөрү.
* Кара-Суу районунун Фуркат, Медресе, Кыргызчек, Малбазар, Кормоцех, Кулиев, МСО айылдары.
* Ош шаарынын Масалиев кең көчөсү, Шакиров, Жумабаев, Турсунбаева, Ашимахунов көчөлөрү, Амир-Тимур кичи шаарчасы, Тээке, Арек, Орке, Качыбек, Бирлешкен, Татар, Озгур айылдары, Коргон участкасы.
* Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Раззаков, Авиценна, Моторная, Артыков, Мирзаев, Юбилейная, Курчатов, Абдувалиев, Закиров көчөлөрү, Аэропорт кичи шаарчасы, Арипжан айылы.
* Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Ишматов, Латипжанов, Мушкетов, Набережная, Төлөнов көчөлөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.