Биз социалдык тармакта

Абдывахап Нурбаев Акылбек Жапаровго: "Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетишпесин. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү?"

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү деп сурады.

"Акылбек Үсөнбекович (ред:. министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров), өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?", - деп сурады депутат.

Акылбек Жапаров: "Мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Анда жыл сайын сурамжылоо болуп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалимге анан архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз", - деди.

Акылбек Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdizhapar
2021-10-27 12:24:09
Тамашаладым деп кутулат экен да бир нерсе болсо куну да жакшы экен 1-апрель
+8
Agayu
2021-10-27 13:02:56
Кара Далы деген эмне ?.Адамбы жэ Адам эмеспи ?
-11
Antiradikal3
2021-10-27 14:01:10
Agayu, сага да бер бешенеси шор уйлонбогондо, эрге тие албай кара далы болуп журмоксун, эр албай......
+3
Antiradikal3
2021-10-27 14:05:07
Куру популизм...
Кийинки жылы мугалимдердин айлыгы которулушу мумкун. Бирок 10-20% гана которулот. Ал акча менен мугалимдер уй-булосун аран багат, машине, жаны уйду унутуп... Эрди-катын экоо тен мугалим болсо, экоонун айлыгы чогуу 25-30 мин сом болсо, бул акча кайда жетет бугунку кымбатчылык шартында? Россиядагыдай болуп мугалимдер 50-100 мин айлык-маяна алса анда кичине чындыкка жакындамак
+2
Taalaibek.
2021-10-28 07:20:31
Айткан созу ишке ашпай калганда, мен тигини тураладым, мен муну тураладым деп кутулуп кетет тубайбы анда. Садыр озум козомолго алам деген. Эгер озу козомолго ала албай калса анда Садыр жоопту болуп калат болуш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан