Биз социалдык тармакта

Оштун мэри Алмаз Мамбетов: "Жакынкы күндөрү муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары ротацияланат"

Кечээ, 26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Бул туралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Шаар башчысы президент Садыр Жапаров шайлоону калыс өткөрүүгө жана административдик ресурс колдонбоо боюнча каттуу талаптарды коюп, тапшырма бергенин дагы бир ирет эскерткен.

"Биз мыйзам бузууга жол бербешибиз керек. Ошону менен катар мекеме-ишканалардын жетекчилерин, кызматкерлерди, айтор, бардык мамлекеттик ишканаларды шайлоого аралашпай өз кызматтарын кылууга чакырам. Ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин кызматкерлерине көзөмөл жүргүзүлсүн. Мурунку өткөн шайлоодогу катачылыктар, жеке кызыкчылыктар менен акча тапкандар боюнча бардык маалыматтар бар. Бул ирет ага жол берилбейт. Жакынкы күндөрү муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары ротацияланат", - деген Алмаз Мамбетов.

Ош шаарында жалпысынан 78 шайлоо участкасы бар. Ош добуш берүү округунда 110 миң 685 шайлоочу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2021-10-27 12:26:59
2×15=30 Кыргызстан качан кыямат кайым болмоюнча онолбойбуз ушуну менен эле кете беребиз озунун кишисин коймой алмаштырмай биздин каныбыз бузулган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан