Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ошону менен катар эле Исфананын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш жарыяланды. "Президенттин добуш сатып алгандар жазаланат деп айткан позициясы бар. Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер бир талапкерди колдосо чара көрүлөт", - деди ал.