Бишкекте көп кабаттуу курулуштан боюн таштоого аракет кылып жаткан жаран 22 жаштагы Т.М. экендигин ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине ӨКМнын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМ жана "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган. Учурда көп кабаттуу курулуштун болжол менен 9-кабатында турган жаранды оюнан кайтаруу аракеттери жүрүүдө.
Эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы тууралуу маалымат такталууда.