Биз социалдык тармакта

Баткен, Согди облусунун жетекчилери жолугушуп, 4 маселе боюнча чечим кабыл алышты. Алар кайсылар?

Бүгүн, 27-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен Төрт-Көчө участогунда чек арадагы соңку катталган окуяларды талкуулоо жана алдын алуу тууралуу сөз болуп, анда эки облустун башчылары баштаган район акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Чек арадагы аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын жерлерде курулуш иштерин жүргүзбөө;

- Эгерде мал-жандыктар чек арадан өтүп кетсе, эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу (чыгарып жиберүү);

- Аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү биргеликте иш-чараларды жүргүзүү;

- Бүгүн Баткен жана Исфара райондорунун акимдери суу маселеси боюнча жолугушуу өткөрүп, чектеш аймактарда жөө жүрүп, кайсы жерде көйгөйлүү маселелер бар экендигин жеринде чечүү.

"Жыйындын алкагында эки облустун башчылары эки тараптын күч структураларынын жетекчилерине өз ара сүйлөшүү, макулдашуу боюнча убакыт бөлүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2021-10-27 17:57:35
Башта бизден барган жетекчилер башын жерге салып отурчуу эле азыр эми Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев сүйлөп жатат угуп отурушатго.
+6
Ela93
2021-10-27 19:02:16
Ноокаттан патриот жигиттер коп! Это реально.. Военный 30%! Эскертуу! Мен ноокаттан эмесмин... Баткен
+5
Dftyhbv
2021-10-27 22:59:53
Эээ бул нечи жолду макулдашты тажиктер майли дейт дагы эртен эле оз билгендерин кылаберишет ишенбегиле ишенип журуп ушундай акыбалга келдииик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан