Бүгүн, 28-октябрда Юстиция министрлиги маалымат жыйын беришүүдө. Анда министрликтин 9 ай ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыктары айтылып жатат.
Жыйынга министрдин орун басарлары жана кеңешчиси катышууда.
"9 ай аралыгында 34 миң 421 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү. Алардын ичинен 18 миң 233ү аял болсо, 15 миң 201и эркек болгон.
Ошондой эле алардын арасында 31 миң 70и Кыргыз жараны, 2301и чет өлкөлүк жарандар, 62си жарандыгы жок адамдар болсо, бирөө качкын", - деп билдирди Сыдыков.