30-октябрь күнү Бишкектеги "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев сейил бактарында "Бир адамдан бир көчөт" аттуу акциясы өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Акцияга катышуу үчүн 3 килограмм макулатураны же 5 даана желим бөтөлкөнү тапшырып, көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүн алуу керек. Жеринде макулатура жана желим буюмдарды кабыл алуу пункттары уюштурулат", - деп жазылат билдирүүдө.
Акцияда эки сейил бакка жалпы 500 көчөт отургузулат.