Биз социалдык тармакта

Акыркы каалоосуна жеткен жок... Өмүрүнүн аягында кызын көрүүнү өтүнгөн келин каза болду

Кызын көрүүгө зар болуп, залалдуу шишик дарты менен алышып жаткан Алина Батурова 32 жашында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирип, аны "Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунун жетекчиси Шайырбү Сагынбаева тастыктады.

"Ооба, Алина бүгүн каза болуп калды. Кызын көрбөй калды. Мен азыр сүйлөшө албайм, медициналык экспертиза жасалып, ошол жакта жүрөм", - деп кыска гана жооп берди.

Белгилей кетсек, Алина Батурова эмчектин залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап келген. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө метастаздар бар болгон. Оор илдет менен күрөшүп жаткан Алина айым ар 4 саат сайын морфин алып турган. Бейтаптын күйөөсү Казакстанда жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам келин окуясын коомчулукка алып чыгып, жардам сураган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Arianaa
2021-10-28 11:49:15
Аттин ай, жаткан жери жайлуу болсун. Кызын корсотуп койсо болмок экен. Корууго зар болуп кете берген турбайбы. Аябай окунучтуу.
+20
Antiradikal3
2021-10-28 12:00:27
Куйоосу акмак экен... Кызы эми бир омур арманда жашап отот, апасы арманда дуйно салып кеткен сыяктуу.....
+14
Gulina00
2021-10-28 12:21:13
Куйоосу ит экен,бир корсотуп койсо болмок экен,жаткан жери жайлуу болсун.
+9
Rakyl12
2021-10-28 14:39:32
Gulina00,Ит дагы жакшы к.т экен андан да томон экен
+3
Jolin
2021-10-28 13:05:53
Аллахым ырахматына алсын
+8
bond02
2021-10-28 13:45:32
Ошондо куйоосу казак келин кыргызбы?
+3
Datka7777
2021-10-28 15:55:20
bond02,келин дагы казак окшойт
+1
Belek1710
2021-10-28 14:14:29
Жайы жанаттан болсун! Күйөөсүн мындан дагы жаман өлүм күтүп турса керек.
+6
Egizderim-baktim
2021-10-28 14:31:28
Кетишин билгендей кызын коргусу келген экен да... Куйоосу корунтунду талап кылган эле карап отура берсин корутундусун эми. .. Кызына узун омур тилеймин. Жанатан болсун
+5
Ngazi
2021-10-28 14:34:49
Убакыт өтөт, кыз чоңойот, азыр маалымат заманы, эч нерсе жоголбойт, кыз издеп интернет булактарынан табат маалыматты, ошондо атасынын кылганын кечире алабы жокпу.
+7
Eli.91
2021-10-28 14:48:04
Куйоосуно наалат.Акыры ушул торогон учун кызы болдуда акмак.Асмандан тушкондой болгон.Кызыныда жаман жолго баштайт.Акыйкаттык болсо кызды туугандарына алып берсин.
+4
777888
2021-10-28 15:56:47
Аллахым өзүңдүн паанаңа алып, бейишиңден орун бер. Кызы менен ал дүйнөдө көрүшкөндү насип эт.
+1
Alixan-Nookat.2015
2021-10-28 17:21:30
Күйөөсүнө наалат акыркы жолу көрсөтүп койсо болмок, кызын ойлопда бул келиндин өмүрү бир эки күнгө кыскарса керек ойлонуп жатып. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
Isikkolumkeremet
2021-10-28 20:45:59
КУЙОООСУНО МИН НААЛАТ!!!ОЗ КАРА БАШЫНА КОРУНСУН..НААЛАТ!!!!НАААЛАТ!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан