SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал жөлөк пул качан көбөйөт деп суроо салган.
Бул боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр алуучу "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу көбөйтүлгөн жок. Ал эми социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 1-октябрдан тарта 50 пайызга көтөрүлдү", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.
Белгилей өтсөк, буга чейин өлкөдө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 1-октябрдан баштап 50 пайызга жогорулаганы кабарланган.
Жөлөк пулдун түрлөрү боюнча шилтемеге кирип окуй аласыз.