Жолдо кырсыкка кабылгандардын 80 пайызы уюлдук телефон карап бараткандар. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун "Тез жардам" кызматы бөлүмүнүн травматологу Бекназар Жунусов "Sputnik Кыргызстан" агенттигине билдирген.
"
Биздин эң көйгөйлүү маселелердин бири бул уюлдук телефон, кулакчындар. Адамдардын 70-80 пайызы телефон менен кулакчынга алаксып жол кырсыгына кабылууда", - деген Жунусов.
Буга чейин акыркы 9 айда жол кырсыгынын кесепетинен
587 адам каза болгону маалымдалган.