Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда "Жылдын мыкты тарбиячысы-2021" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасадыков жана бала бакча кызматкерлери катышты.

Сынакта №17 “Каакым” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Динара Калбердиева “Жалал-Абад шаарынын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылып, 10 күнгө Ысык-Көлгө жолдомо берилди.

Ошондой эле калган тарбиячыларга да диплом жана атайын белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынакка шаар боюнча 23 бала бакчадан 6 тарбиячы катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан