
Коронавируска каршы Pfizer вакцинасы ушул аптанын аягында Бишкектин бардык эмдөө борборлорунда жеткиликтүү болот. Мындай маалымат Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору
Гүлбара Ишенапысова тарабынан белгилүү болду.
"Pfizer вакцинасы борбордук кампада -70 градус температурада сакталат, андан кийин эритип, -20 градуста аймактарга жеткиребиз, ал эми үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бул вакцинаны +2..+8..градус температурада 30 күнгө чейин сактоого болот", - дейт Ишенапысова.
Белгилей кетсек, 27-октябрда АКШ Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 259 миң 740 дозасын
берген.
Өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. Буга чейин Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Спутник V, COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы жана Түркиядан келген Sinovac вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүп келди. Эми Pfizer вакцинасын алуу да жеткиликтүү болот.
Кыргыз жергесинде 2020-жылдын март айынан бери 180 миң 989 адам коронавирус жуктурган. Анын 175 миң 402си айыгып чыккан, 2664 адам каза болду.