Бишкек шаарында учурда 1923 даана коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгына байланышканыбызда маалым болду.
Мекеменин маалыматына ылайык, 1923 коомдук транспорттун ичинен 1600ү менчик кичи автобустар. Калгандары:
* 80 муниципалдык автобус;
* 130 муниципалдык троллейбус;
* 113 менчик автобус.