Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын президенти Илхам Алиевге ишеним грамотасын тапшырды. Мындай маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, элчинин ишеним грамота тапшыруу аземи бүгүн, 28-октябрь күнү болуп өттү.
Элчи президент Садыр Жапаров Илхам Алиевди Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырып жатканын айткан.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлиги жактырылган.