Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер болгондугуна байланыштуу анын милдетин убактылуу аткаруу төраганын орун басары Аида Касымалиевага тапшырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.
Белгилүү болгондой, Аида Касымалиева 28-ноябрга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарат.
Буга чейин БШК Мамытов төрагалык кызматтан кете элек деп анын арызын каттоодон баш тарткан. Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын административдик соту "Ынтымак" саясий партиясынын арызын карады. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын Талант Мамытовго талапкерлигин көрсөтүүгө салган тыюусун судья жокко чыгарды.