Биз социалдык тармакта

Эсиңизде болсун. 1-ноябрдан тарта кичи автобуска жол акы 15 сомдон болот

Бишкек шаарында 1-ноябрдан тарта коомдук транспортторго жол кире акысы көбөйөт. Анда кичи автобустар 15 сом, автобус жана троллейбустарга 11 сомдон төлөнөт. Мындай чечим 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, токтом 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.

Белгилей өтсөк, борбор калаада 1923 коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Алардын ичинен:

* 1600 менчик кичи автобустар;

* 80 муниципалдык автобус;
* 130 муниципалдык троллейбус;
* 113 менчик автобус.

Айта кетсек, учурда жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки саат 21:00дөн кийин 12 сомдон төлөп келишет. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире акысы 8 сом.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
VENOM
2021-10-29 11:20:44
Кыйын эле болду кыргызга..
+2
Muratmipa
2021-10-29 12:29:06
VENOM,койчу ай 5сом менен тагдырын чечилип калбайт инфляция болду.
-3
Ozgocho111
2021-10-29 11:38:14
Бизде качан эле 15 сом болгон, окуучулар 10 сом толошот, бир айдан бери
0
Erkusha
2021-10-29 13:40:00
5сомго да зар болгондор бар
0
Asmat84
2021-10-29 21:33:28
80 муниципалдык автобус.
113 менчик автобус дейт. Мен түшүнбөдүм. Жакында эле 50 андан кийин дагы 200 гө жакын автобус келди го өзбекстандан ага чейин да Кытайдан келген автобустар бар эле го . Эмне ошолордун баары менчик автобус болуп кеттиби
0
ErkinOkenovich
2021-10-29 21:43:59
Asmat84,ал автобустар депутаттардын бизнесине иштеп жатат.жумушчуларды жумушка алып барып, кайра алып кетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан