Билим берүү жана илим министрлиги компьютердик техникаларды сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алууларынын расмий порталына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, компьютердик жабдыктарды сатып алууга 92 миллион 570 миң 730 сом каралган.
"Компьютердик техникалар жалпы билим берүүчү мекемелерге "Санарип Кыргызстан-2019-2023" концепциясынын алкагындагы "Электрондук мектеп" долбоорун ишке ашыруу максатында алынат", - деп жазылат маалыматта.