Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча аймактардагы абал менен таанышууда. Бул ирет ал Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуучу объектилердин, көмүр базарлардын абалы менен жеринен таанышты.
Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Доскул Бекмурзаев энергетиктерге кышкысын электр жарыгын жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Муну менен катар электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү керектигин баса белгиледи.
"Эртең менен саат тогуз, онго чейин үйлөрдүн короолорунун, мекемелердин тышкы жарыктандыруусу өчүрүлбөй турат. Жарыктын акчасын төлөп жатам да, бир лампадан эмне болот дешет. Бул туура эмес түшүнүк. Кыргыз өлкөсүнүн электр энергиясы суу ресурсуна түздөн-түз байланыштуу экенин жеткиликтүү түшүндүрүү керек. Муну менен катар энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу шарт", - деди министри.
Ошондой министр Балыкчы шаарындагы "Кемечилик" ишканасына барып, Бишкек ЖЭБине көмүрдү ташуунун жүрүшү менен таанышты. Муну менен отун базалардагы көмүрдүн запасы, баасы боюнча маалымат алды.