
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине 13 Кыргыз жараны укуктары бузулуп жатканын айтып кайрылышкан. Анда алар жумуш берүүчү компаниянын директору мигранттардын эмгек акысын төлөбөй жатканын билдиришкен.
"Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясынын жардамы менен "Эстима" ишканасынын башкы директорунун алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан Кыргыз жарандарына карата келтирилген зыяндын орду толтурулду. Тактап айтканда, жумушчуларга 1 миллион 59 миң рубль өлчөмүндө каражат кайтарылып берилди", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 29-октябрында элчиликке 13 кыргыз кайрылган. Алар 2020-жылдын май айынан октябрь айына чейин "Эстима" компаниясында эмгектенгенин, өздөрүнө бөлүнгөн иштерди так аткарышканын, бирок ишкананын башкы директору айлык берүүдөн качып жатканын билдиришкен.
Фото жана видео далилдер укук коргоо органдарына көрсөтүлгөндөн кийин аталган компаниянын башкы директоруна карата кылмыш иши козголгон. Алдын ала соттук отурумдарда директор күнөөсүн моюнга алып, Кыргыз жарандарына эмгек акы төлөп берүүгө макул болгон.