29-октябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Расмий жолугушуудан кийин алар тоо коюнуна чыгышты. Бул туурасында түркиялык мейман социалдык тармактагы баракчасына жазып, Садыр Жапаров менен бийиктиктен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.
"Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргыз жергесине келдик. Ысык-Көлдөгү деңиз деңгээлинен 3 миң 400 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоо кыркасынан салам жолдойм", - деп жазат Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу.
Белгилей кетсек, тараптардын расмий жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери
талкууланды. Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргыз жергесинде долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.