Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн мыкты 100 студенти аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучу, жаш ишкер Жакшылык Бекназаров SUPER.KG порталына билдирди.
Иш-чарага Кыргыз эл акыны, "Манас" орденинин ээси Надырбек Алымбеков, меценат Аскар Салымбеков сөз сүйлөп, сыйлык тапшырышты.
Жеңүүчү катары табылган ар бир катышуучуга
1. "Кыргызстандын мыкты 100 студенти" төш белгиси;
2. "Кыргызстандын мыкты 100 студенти" мыктылардын ийгилик жолун камтыган китеп жыйнагы;
3. Дилом жана күбөлүк берилди.
"Кыргызстандын мыкты 100 студенти" сынагына 7 облустан 1500дөн ашык арыз келип түштү. Алардын арасында талапка туура келген 100 студентти тандап алдык. Бардык жеңишке жеткен студенттер чакырылып, сыйлыктары тапшырылды.
Бул сынак мындан кийин жыл сайын өткөрүлүп турат", - деп билдирди Бекназаров.