Биз социалдык тармакта

Кээ бир аймактарда жаан жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 31-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9;

Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан