Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматында ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков, вице-мэрлер Азамат Раматиллаев, Элдос Таев, калаадагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү жана медицина кызматкерлери, шаар тургундары катышты.