Биз социалдык тармакта

"Административдик ресурс болбойт". Президенттин администрациясы шайлоого даярдык боюнча кеңешме өткөрдү

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Эргешов мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

"Шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс болбойт. Бардык шайлоо процесси мыйзамдуу өтүшү керек. Үгүт иштерин жүргүзүүдө бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү керек", — деп белгиледи Алтынбек Эргешов.

Ал укук коргоо жана мамлекеттик органдардын шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар тууралуу арыздарына жана даттанууларына ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Алтынбек Эргешов райондордун акимдери менен пикир алышуусунда шайлоо процессине мамлекеттик органдардын кийлигишпөөсү боюнча калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal3
2021-10-31 10:38:29
Жомогунарды чон атанарга айткылачы.....

Эмитен эле ИИМ менен УКМК Ташиевдин адвокатына айланып, аны актоого аракет коруп келгенден кийин дагы эмне деп актанасынар?!
-3
Abdyrashit.Satylganov
2021-10-31 11:21:12
Өзү партияларга чектөө киргизиш керек.. Мисалы :Кийинки шайлоого катышуучу партия кеминде 5 жыл мурун каттоодон өтүүгө тийиш. Антпесе буларың партияны сезон менен колдонуп, жаңы шайлоого жаңы партия түзө коюп, элдин башын айлантып жатышпайбы.
+2
Tursunbaev1978
2021-10-31 11:56:58
Abdyrashit.Satylganov,Шайлоо жакындаганда,жамгырдан кийинки козу карындай болуп дегин,туура чектөөлөрдү киргизиш керек
0
Abdyrashit.Satylganov
2021-10-31 11:28:20
6 миллион элге. жалпысынан каттоосу бар 130 партия бар экен. Ат койгонго ат табышпай калганы да бар экен.. Демократия деп эле ар ким партия ача берсе болмок беле. Партия түзүүгө көптөгөн талаптарды киргизүү керек. Ошондой эле депутаттар 1 партияда 10 жылдан кем эмес болушу керек. Ошондой идеология күчтүү болот. Антпесе тоо текедей бир тоодон бир тоого секирип жатышпайбы
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан