Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева COVID-19 пандемиясынын учурунда Борбордук Азиядагы адам укуктарын коргоо боюнча аймактык онлайн конференцияга катышты. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.
ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жана Казакстандагы программалык кеңселери тарабынан демилгеленген иш-чара Борбордук Азиядагы пандемия учурунда адам укуктары жаатында иштеген адамдар туш болгон көйгөйлөрдү талкуулоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча түздү. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү алынган сабактарды эске алуу менен адам укуктарын коргоо маселелерин чечүүдө кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшө алышты. Конференцияга Кыргыз өлкөсүнүн, Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын омбудсмендери жана укук коргоочулары да катышты.
Чакан топтордо иштөө учурунда катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты: