Кара-Балта шаарында кичи автобустун айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен иш ташташты. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын маалымат кызматына байланышканыбызда тастыкташты.
"Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын алдына айдоочулар нааразычылык акциясына чыгышты. Алар маршруттук линияларга токтоп, жол кире тарифин 13 сомдон 15 сомго көтөрүү талабы менен чыгышкан.
Шаардык кеңештин чечимине ылайык, 1-3-класстын окуучулары 7 сом, 11-класска чейин окуучулар 10дон төлөшөт. Бизде жүргүнчүлөрдүн 70-80 пайызын окуучулар жана пенсионерлер түзөт. Ошондуктан кайрадан жол кире тарифин карап берүү үчүн айдоочулар митингге чыгып жатышат", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалап өтүштү.