"Бакырчаак Бакай" атка конгон активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Милициянын билдиришинче, Бакай Кашкарбаевди үй камагына чыгаруу чечимин Свердлов райондук соту чыгарган.
Бакай Кашкарбаев 30-октябрда ага карата сотко чейинки бир нече тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кармалган.