
Бишкек шаарынын эки конушунда эртең, 2-ноябрь күнү убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2-ноябрда эки конушта суу болбойт:
• Калыс Ордо конушунда - 9:00дөн 15:00гө чейин;
• Мурас Ордо конушунда - 9:00дөн 17:00гө чейин.
"Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылган маалыматта.