БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлеринин, эксперттер жана өкмөттүк чиновниктердин катышуусунда өткөн Улуу Британиядагы эң ири саммит болуп калары белгиленет.
Дүйнөнүн өлкө башчылары катарма-катар тизилген сүрөт жарыяланды. Өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев менен байланышканыбызда бул сүрөт чет элдик басылмаларда жарыяланганын билдирди.