Бүгүн, 2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 920 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 920 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 209 метр куб, агып чыгышы 469 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 2-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 747 миллион метр кубду түзгөн.