Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү. Аба ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн

4-5-ноябрда түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
4-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан