Канатбек Исаев, Айнуру Алтыбаева... Бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тарткандардын саны 9га жетти

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин койгон 321 талапкерди каттады. Анын ичинде 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди.

БШКнын маалыматына караганда, арыз бергендер төмөнкүлөр:

  1. Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  2. Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  3. Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  4. Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  5. Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  6. Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  7. Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  8. Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
  9. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Ошентип 2021-жылдын 1-ноябрына карата 312 талапкер шайлоого катышат.

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

• Баткен облусу – 37 талапкер,

• Ош облусу – 54 талапкер,

• Жалал-Абад облусу – 48 талапкер,

• Талас облусу – 14 талапкер,

• Чүй облусу – 62 талапкер,

• Бишкек шаары – 27 талапкер,

• Нарын облусу – 29 талапкер,

Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-11-02 21:47:54
Туура кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан