Биз социалдык тармакта

Үнөмдөөгө чакырууда, болбой эле ашыкча пайдаланылууда. Электр жарыгын ашыкча колдонгон ишканалар аныкталды

Борбор калаадагы айрым ишканалар электр энергиясын уруксат берилген кубаттуулуктан ашык колдонууда. Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, мындай фактылар менчик ишканалардын электр кубатын мыйзамдуу колдонуп жатканын текшерүү иш-чарасында анык болду.
Маалым болгондой, Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен учурда жумушчу топ менчик ишканалардын электр энергиясын пайдаланууга уруксат берилген документи менен иш жүзүндө колдонулган кубаттуулугун текшерүү иш-чарасын жүргүзүүдө.
Натыйжада айрым ишканалар документ түрүндө уруксат берилген кубаттуулуктан ашык колдонуп жатканы белгилүү болду. Аныкталган фактылар боюнча акттар түзүлдү.
Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги жарандарды жана ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан