Биз социалдык тармакта

"Кыргызча кайрылуу, уйкусураган Байден, жалданган жеке менчик учак...". Садыр Жапаровдун Глазгого жасаган иш сапарынан урунттуу учурлар

31-октябрь күнү өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кеткен. Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Өлкө башчы Глазго шаарына жетери менен президент жеке менчик учак жалдап барганы айтылып, азыркыга чейин талкууга алынууда. Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Британ тарап коопсуздук эрежелеринен улам президент учуп жүргөн ТУ-154 учагын кабыл алуудан баш тарткандыгын билдирген.

1-ноябрда Садыр Жапаров Глазго шаарындагы SEC шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барды. Анда өлкө башчы бир катар жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өз кезегинде Исландиянын өкмөт башчысы Катрин Якобсдоуттир Садыр Жапаров менен жолугушууда Кыргыз өлкөсү өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатканын айтты.

Садыр Жапаров катышып жаткан саммитте АКШ президенти Жо Байдендин отурган жеринде уйкусурап жаткан видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды.

2-ноябрда Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасады. Президенттин кайрылууну кыргыз тилинде жасагандыгы көпчүлүктүн мактоосуна татыды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Фейсбук компаниясынын студиясында түз эфирде Кыргыз жарандарына жана аталган ири социалдык түйүндүн колдонуучуларына кайрылуу жасады.

3-ноябрь күнү өлкө башчынын Глазгодогу иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-11-03 10:26:19
Орусча же англисче билбесе, кыргызча урдурду да.
-11
Dftyhbv
2021-11-03 10:30:48
bond02,Кыргыз болгондон кийин Кыргызча суйлойта башка тилде суйлосо дагы бир деме деп чыгасыгар кайсыл жерде болбосун Кыргыз тилинде суйлогон жакшыда тообаа бизге озу эчнерсе жакпайт
+17
Shbdn
2021-11-03 10:48:43
Сен укмуш билсең тилди кел сени шайлайлы тонкорулуш болбой эл сага окшогондор зеригип калды боло аласыңбы президент Алланын назары түшкөн адам болот падыша ар бир адамга эле насип боло бербейт бул оомат.
+10
TIMON_BERKOWITZ
2021-11-03 11:54:45
Элестеткиле, Эрдоган же Путин англисче кайрылуу жасаса, чыккынчы деп аталып кетишмек. Патриоттук сезим аларда мыкты. Бизде да ошондой болуш керек. Калп эле орусча билбегени учун деп жумурткадан кыр издебей.
+15
nurbek11
2021-11-03 14:53:21
Англис тилинде суйлөсө деле баары түшүнмөк эмес. Өз жне тилинде сүйлөп абдан туура кылды. Азаматсыз Садыр ава.
+5
Jaraisyn
2021-11-03 16:10:02
Энеңди урайыыыын, каныбыз бузулуп бүтүптүр биздин, түгөгөн калк экенбиз, албетте айрымдарга тиешелүү. Эч бир жакшы оюбуз, сөзүбүз жок экен да аа?! Галдир баш ал жерге канчалаган өлкөдөн адамдар барды. Орусча, бири англисче сүйлөйт. Кыргызча сүйлөгөнү улуулук эмеспи. Азамат деш керек, чын эле орусча сүйлөгөндө дагы чыкмаксыңар бир нерсе таап. Пейилди оңдойлу туугандар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан