Биз социалдык тармакта

Кыргыз кызы Екатерина Заболотнова "Жер сулуусу-2021" сынагына катышууда

Кыргыз кызы Екатерина Заболотнова "Жер сулуусу-2021" (Мисс Земля-2021) сулуулар сынагына катышууда. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Достор, мени куттуктай берсеңиздер болот. Мен "Жер сулуусу-2021" сынагында өлкөбүздүн атынан чыгам. Жер сулуусу сынагы "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" сыяктуу дүйнөдөгү лидер сулуулук сынактарынын катарына кирет. Бул биздин планетанын экологиясын коргоого жана жакшыртууга багытталган жана БУУ менен түздөн-түз иш алып барган асыл сынак", - деп жазган Заболотнова.

Белгилей кетсек, "Жер сулуусу-2021" сынагына 90 өлкөнүн кыздары катышууда. Финал 21-ноябрда болот. Сынак жыл сайын Филиппинде өткөрүлсө, быйыл пандемиядан улам онлайн режиминде өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ulia...
2021-11-03 20:59:45
Жер сулуусу Деген дагы чыкты беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан