ЮНИСЕФ аркылуу өлкөгө COVID-19 вакцинасын сактоо жана таратуу үчүн 200гө жакын атайын муздаткычтар алып келинет. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда маалым болду.
Маалыматка ылайык, муздаткычтар октябрь айында келмек, бирок чек ара пункттарында көйгөйлөр жаралып келиши кармалууда. COVID-19 вакцинасын сактоого арналган муздаткычтар ЮНИСЕФ тарабынан акысыз берилет.