Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 22 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 198 метр куб, агып чыгышы 458 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылдын 3-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 772 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alinsan
2021-11-03 15:42:04
кокууй кышта куурайбыз го
0
bond0202
2021-11-03 15:48:57
Соолуп калса байкуш балыктар куруйт ко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан