Биз социалдык тармакта

Орусияда полиция кызматкерлери тарабынан белгисиз жарандын сабалышы: Тышкы иштер министрлиги үн катты

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги полиция тарабынан сабалган белгисиз жарандын окуясы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Учурда элчилик окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө деструктивдүү мүнөздөгү такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоого чакырат.

Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин блогер Ринат Усупбаев Орусияда эки полиция кызматкери белгисиз жаранды сабап жаткандагы видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, сабалган адам Кыргыз жараны экенин айтып, Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2021-11-03 14:51:12
Ун катсанар катпасанар да колунардан пок келбейт
+14
Fernando_Torres
2021-11-03 15:01:24
Тура айтасын тукум баш адамдын колунан келбейт Аллахтан сураш керек
+2
KG-312
2021-11-03 15:43:20
Кыргызстанда калькулятор бир кызды чапты эле орустар реакция кылса укмк алып барып камап койду. Эми Кыргыздардын реакциясына заалым, эки жүздүү орустар кандай жооп берер экен?!
+7
Napaleon
2021-11-03 16:22:34
Орустардан жакшылык чыкпайт. Булардын тилин расмий тил деп эркелетпей алып таштоо керек.
+9
CAPATAH
2021-11-03 20:10:48
Napaleon,ушул созуно колдон келсе миллион лайк басмакмын.
+2
Jacob.
2021-11-03 16:30:06
Бир жеринерди кысып жургуло деген тонький намек бул, акыркы кундору мигранттар менен болгон кылмыштар кобойуп кетти эле..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан