Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө карата Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесине өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, нускамалар илинген.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.