Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн курулган кызматтык үйлөр пайдаланууга берилди

Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактагы кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 4 кызматтык үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Батирлерди кызматкерлерге тапшыруу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Руслан Мейматкулов жана УКМКнын кызматкерлери менен ардагерлери катышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун "Мега Профит" жоопкерчилиги чектелген коом жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2021-11-04 00:10:02
Конушунар куттуу болсун УКМК кызматкерлери!
Эл учун кылган кызматынарга ыраазычылык!
Ким кандай тушунсо ошондой тушунсун..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан