Биз социалдык тармакта

Сузакта 10-класстын окуучусу коронавирус жуктуруп алганы айтылууда. Министрликтин жообу

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы орто мектептердин биринде 10-класстын окуучусу коронавирус илдетин жуктуруп алганы айтылууда.

Бул боюнча билим берүү жана илим министринин орун басарына байланышканыбызда, учурда маалымат такталып жаткандыгын, дарыгерлер толук маалымат бергенге чейин эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифинг учурунда өлкөдөгү орто мектептерди онлайн окууга өткөрүүгө азырынча эч кандай негиз жок экендигин, бирок бир мектепте илдетке кабылган экиден ашык учур катталса, мектеп толугу менен онлайн форматка өткөрүлөрүн белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан