Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого эртең мененки убакытка чейин 354 тонна туз керектелди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 37 атайын техника, 28 кар тазалоочу унаа, 5 универсалдуу унаа, 5 кичи трактор тартылды.
"Мындан сырткары 657 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. Учурда "Тазалык" жана "Бишкек жашыл чарба" ишканаларынын кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө", - деп билдиришти мэриядан.