Өлкөдө абанын температурасы -6°га түшүп, кар жаап, суук болуп жаткан убагы. Бирок Бишкектеги суукка карабай жарым жылаңач жүргөн чет өлкөлүк мырзанын видеосу шаардыктардын көңүл чордонунда калды.

Белгилей кетсек, эртең, 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.