Биз социалдык тармакта

Кытайдан 58 контейнерге жүктөлгөн ун, кумшекер, соя майы келди

Бүгүн, 4-ноябрда Кытай өкмөтү тарабынан азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, жүктөрдү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду алды дешет ӨКМнын маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 1150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майы 58 контейнерге жүктөлүп келди.
"5-октябрдан 25-октябрга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан контейнерлер түшүрүлгөн. Гуманитардык жүктөр министрлер кабинетинин атайын токтомуна чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында сактоого коюлду", - дешет министрликтен.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Кытайдын Кыргыз жергесиндеги элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык жардамды кабыл алуу жана өткөрүү актысына кол коюшту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kolyaa
2021-11-04 20:20:37
Акылбек Жапаров келип карыз алмай башталды дегилечи.
+2
Sajakat14
2021-11-04 21:14:05
Kolyaa, гуманитардык жардам деп туратго. Сатып алды деген жокго.
0
Kolyaa
2021-11-04 22:47:00
Sajakat14,Кайтарымсыз дегенда жок.
0
Tursunbaev1978
2021-11-04 20:32:13
Ушу кытайдан албай эле койгулачы,булар дарылап жөнөтүшү мүмкүн,анан ар түрдүү оорулар,келип чыгат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан