Биз социалдык тармакта

Милиция жардам сурайт. Ак-Талаада эки жаран дайынсыз болуп изделүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда эки жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаныбеков Рахат Сырдыбаевич 1987-жылы 7-июль күнү туулган. Ал 19-октябрь күнү болжол менен түнкү саат 02:00дөр чамасында Тоголок Молдо айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп изделүүдө.

Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, чачы кара. Дене түзүлүшү орто, сакалы, муруту бар. Маңдайкы эки кашка тиши жок.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү кепка, үстүндө кара куртка, эки жеңинде ак сызыгы бар спорттук кийим, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Султаналиев Казыбек Байөмүрович 1966-жылы 20-январь күнү туулган. Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунун тургуну. Ал 2012-жылдын 20-февраль күнү саат 07:00 чамасында Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп изделүүдө.

Бою 165-170 сантиметр, денесинин түзүлүшү арык чырай, чачы кара, көздөрү күрөң.

Кийген кийимдери; башында кара түстөгү топу, үстүндө кара түстөгү куртка, жашыл түстөгү шым, бутунда кара түстөгү өтүп кийип жүргөн. 2011-жылы башына оор операция жасалып, ошондон кийин кылган иштерин билбей калган абалга кептелген.

Кимде ким сүрөттөгү эки жаранды көрүп билгендер болсо төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 03537 92 1 87, 0502 33 54 45.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан